22.10.2018 17:51

Сары-Кыр ашуусунда калган чабандар куткаруучулардын коштоосунда түшүп келе жатышат

Сары-Кыр ашуусунда калган чабандар куткаруучулардын коштоосунда түшүп келе жатышат

Жалал-Абад облусунда Сары-Кыр ашуусунда калган чабандар куткаруучулардын коштоосунда ылдыйлап, түшүп келе жатышат. Бул тууралуу April.kg порталына ӨКМден кабарлашты.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 18-октябрында Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Алакан жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 5 чабан мал-жандыктары менен Сары-Кыр ашуусун аша албай калганы айтылган.

Алар аман-эсен жана тамак-аш азыктары менен камсыздалгандыктарын билдиришип, аба-ырайы турукташканда айылга кайтышаарын билдиришкен.

19-октябрь күнү саат 14:30да чабандардан кабар алып келүүгө жөнөтүлгөн куткаруучулар калың кардан өтө албай, малчылар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, орто жолдон кайра кайтышкан.

«Бүгүн, 22-октябрда чабандарды алып келүү үчүн кайра куткаруучуларды жөнөткөнбүз. Аларга жолду кардан тазалап, ачыш үчүн бир жүктөгүч жана бир грейдер кошуп берилген. Азыр куткаруучулар чабандардын малын айдашып, Сары-Кыр ашуусунун жарымына келип калганын кабарлашты», -деп билдиришти ӨКМдин маалымат кызматынан.